ТИМ Орокко барган Түркиянын элчисине нота тапшырды

6 июня 2019 18:53 1655 Barometr
Поделиться в:
ok

6-июнда Тышкы иштер министрлигине Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камиль Фырат чакырылды. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.  

Түркия тарапка Женгиз Камиль Фыраттын 5-июнда Сокулук районунун Орок айылында жүргүзгөн аракетине байланыштуу нота тапшырылды.  

Министрлик элчиге өз аракети менен КРнын ички иштерине кийлигишпөөгө жана Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлоого чакырды.  

Ссылка: https://barometr.kg/tim-orokko-bargan-trkiyanyn-elchisine-nota-tapshyrdy



Добавить комментарий