ТИМ Оренбургда талаада калган мигранттар тууралуу: көйгөйдү дароо чечүүгө мүмкүн эмес

8 мая 2020 17:46 2085 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 8-майда, Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин директору Уланбек Дыйканбаев Орунбург облусунда талаада калган кыргызстандык мигранттар тууралуу абалды “Барометр” маалымат агенттигине түшүндүрүп берди.

Эске салсак, 7-майда Оренбург облусунда талаада калган мигранттар тууралуу видео тараган. Алар ары, же бери кете албай орто жолдо калган.

“Көйгөй жеңил болбогондуктан дароо чечүүгө мүмкүн эмес. Биздин элчилик менен башкы консулдуктар диаспора лидерлери менен иштеп жатат. Биз буга чейин маалымдагандай, Соль-Илецк шаарында калып кеткен айрым кыргызстандыктарды Казакстандын аймагы аркылуу атайын коридор менен алып кетүү казак тараптын бир гана жолу аткарыла турган акциясы болчу. Иштер улантылып жатат”, — деди Дыйканбаев.

Ал ошондой эле, 7-майда Кыргызстанга Россиядан 541 киши келгенин кошумчалады.

Буга чейин КР ИИМдин Россиядагы өкүлү Аскат Алиев Оренбург облусунда талаада калган 80дей кыргызстандык мигрант чек арага өз алдынча барышканын социалдык тармакка жазган. Алар айрым активисттердин Кыргызстанга алып кетебиз деген куру убадасына ишенип алышкан.

Эмне үчүн 80дей мигрант 7-майда 541 кыргызстандык менен чогуу мекенине келбегени боюнча суроо дагы деле ачык бойдон турат.

Ссылка: https://barometr.kg/tim-orenburgda-talaada-kalgan-migranttar-tuuraluu-kjgd-daroo-chechg-mmkn-emes



Добавить комментарий