ТИМ кыргызстандыктарды тинтүү иши боюнча Казакстанга нота жолдоду
Алматы шаарында кыргызстандык жарандарды аэропортто тинтүүгө байланыштуу ТИМ Казакстанга нота жолдоду.
Анда кошуна малекеттин дипломатиялык ведоствосуна, кандай себептер менен биздин атуулдарды тинтүү жүрүп жаткандыгына түшүндүрмө берүү өтүнүчү айтылган. Билдирүүгө караганда атайын бөлмөлөргө алып кирип, өздүк документтерди текшерүүдөн сырткары суракка алуу жүрүп жатат.
Казакстандын ТИМи нотага жооп катары, мындай аракет террористтик топтун катышуучуларын аныктоо максатында жүрүп жаткандыгын жана мындай процедура башка өлкөнүн жарандарына карата да колдонулуп жаткандыгын билдиришти.
Ссылка: https://barometr.kg/tim-kyrgyzstandyktardy-tint-ishi-boyuncha-kazakstanga-nota-zholdodu
Добавить комментарий ×