ТИМ: Консулдун ишин текшерүү үчүн тиешелүү мекеме кызматкерлери Стамбулга барат
Поделиться в:
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, КРнын Туркциядагы консул Эркин Сопоковдун ишин териштирүү үчүн атайын жумушчу топ Стамбулга барат. Жумушчу топтун курамында Башкы прокуратура, УКМК жана ИИМдин өкүлдөрү бар.
Эске салсак, КРнын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоков ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу иштен алынган. Себеби консулдун дипномердеги кызматтык унаасы кылмыш болгон жерден табылган.
Ссылка: https://barometr.kg/tim-konsuldun-ishin-teksher-chn-tieshel-mekeme-kyzmatkerleri-stambulga-barat
Добавить комментарий ×