ТИМ Түркиянын элчиси катышкан жаңжал боюнча маалымат таратты

15 мая 2019 14:03 4126 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы уюштурган ифтардагы жаңжал кыргыз-түрк мамилелерине таасир этпейт. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө маалымдалган.

Аталган мекеме Түркиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыраттын катыштыгындагы жаңжал жеке мүнөздө экенин белгилеген.  

“Акыркы жылдары Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу мамиле жогорку деңгээлге жетти. Көп пландуу жана стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Ооз ачардагы жаңжал бир тууган мамлекеттердин мамилесине таасир этпейт”,-деп билдирген КРнын Тышкы иштер министрлиги.

Эске сала кетсек түрк дипломат Женгиз Камил Фырат Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы уюштурган иш-чарада ФЕТОнун өкүлү, «Сапат» билим берүү мекемесинин мурдагы президенти Орхан Инандыны чакырганына нааразы болгон. Ошондой эле Рамазан күнүндө уюштурулган ооз ачар тамагын таштап кеткен.

Түркиянын ТИМи өз дипломатынын кескин билдирүүлөрүн колдоп чыккан.

Ссылка: https://barometr.kg/tim-elchinin-katyshtygyndagy-zhazhal-zheke-mnzd



Добавить комментарий