Тилек Токтогазиев: Кабинетте олтуруп маселе чече албайсың

9 ноября 2020 14:21 1917 Barometr
Поделиться в:
ok

Айыл чарба жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев дыйкандар, ишкерлер менен жеринен баарлашып, көйгөйлөрү менен таанышты. Бул тууралуу министр фейсбук баракчасына жарыялады.

“Кабинетте эле отуруп, жогорку сапаттагы чечимдерди кабыл алуу мүмкүн эмес. Ошондуктан мен ар бир мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып, дыйкандар, ишкерлер,  менен жолугуп аймактарды кыдырып шаардын сыртында жүрөм. Биз майрам күндөрү командабыз менен Ысык-Көлгө барууну туура көрдүк.

Иш сапардын жыйынтыгында республиканын айыл чарбасынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизген чечимдер кабыл алынат”, - деди Токтогазиев.

Ошондой эле, Токтогазиев Караколдогу сүт заводуна барып, жаңы кошумча сыр чыгаруучу заводду ачуу керектигине токтолду. Министр заводдун жетекчилигине Польшадан атайын жабдыктарды алып келүүдө жардам берерин айтты.

Белгилей кетсек, жер жерлерди кыдырып, дыйкандардын жана ишкерлердин көйгөйлөрү жана ишмердиги менен таанышуу айыл чарба министринин милдети жана жоопкерчилиги. 

Ссылка: https://barometr.kg/tilek-toktogaziev-kabinette-olturup-masele-cheche-albajsy-men-dyjkandar-ishkerler-menen-zherinen-sjlshp-zhatam



Добавить комментарий