Тийиштүү түзүмдөр уруксат берсе бала бакчалар иштейт

26 мая 2020 14:06 365 Barometr
Поделиться в:
ok

Билим берүү жана илим министрлиги балдарын бала-бакчаларга берүүнү каалаган ата-энелер боюнча атайын чакан иликтөө жүргүзгөнүн министрдин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Ал пандемия шартында 9 миң ата-эне баласын бакчага жиберүүгө даяр экени аныкталганын айтты.

"Билим берүү жана илим министрлиги тиешелүү түзүмдөр уруксат берсе, бала бакчаларды этабы менен ачууга даяр. Бирок балдардын саламаттыгы жана коопсуздугу биринчи орунда”, - деди Жусупбекова.

Эске салсак, коронавирус илдетинен улам бала бакчалар жабылган болчу. Республикалык штаб бала бакчалардын качан ачылары тууралуу так маалымат берген эмес.

Ал ортодо май айынын аягынан баштап бир катар тармактар өз ишин жандантты. Алардын арасында коомдук транспорт да бар.

Ссылка: https://barometr.kg/tijisht-tzmdr-uruksat-berse-bala-bakchalar-ishtejt



Добавить комментарий