Тез жардам кызматынын автоунаасын айдап качкан киши кармалды

30 март 2020 16:45 814 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Подольск шаарында мас киши тез жардам кызматынын автоунаасын айдай качкан.

Окуя дүйшөмбүгө караган түнү тез жардам кызматынын подстанциясында болгон. Автоунааны токтоп турган жеринен айдап кеткен.

Полицияны көргөн киши машинанын терезелерин бекитип, басып артка берген. Бул учурда ал укук коргоо кызматкеринин машинасына барып урунган. Ага карабай ал машинаны катуу айдап баратканда, полиция ок чыгарууга аргасыз болгон. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес.

Полиция анын артынан кууп, ал айласыздан машинаны таштап качканга аргасыз болгон. Мас киши жөө төрт квартал качып барып колго түшкөн.

Учурда тийиштүү экспертиза дайындалып, окуянын чоо-жайы такталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/tez-zhardam-kyzmatynyn-avtounaasyn-ajdap-kachkan-kishi-karmaldy



Добавить комментарий