Тест: Мага бакыт менен ийгилик кайдан келет?

6 августа 2019 09:29 1543 Barometr
Поделиться в:
ok

Мен кандай кылсам бактылуу болом? Мындай суроого жооп издеп жатсаңыз barometr.kg төмөндө сизге кыскача тестти сунуштайт.

Бул тест сиздин бейаң сезимиңиз (подсознание) тандаган символдордун негизинде түзүлгөн. Бул үчүн өзүңүзгө “мага бакыт менен ийгилик кайдан келет?” деген суроону бериңиз да, төмөндөгү сүрөттөрдүн бирин тандаңыз.

Подсознаниени интуиция менен да салыштырууга болот, ошондуктан көңүл бөлүп карап сизге аябай жаккан сүрөттөрдүн бирин тандап алыңыз.

1-сүрөт

Бакыт сизге сүйүктүү ишиңиз жана хобби менен келет.Сиз өз талантыңызды ачып, сүйүктүү ишиңиз менен алектенген кезде кубанычка бөлөнөсүз. Балким сиз жан дүйнөңүзгө жаккан ишти издегенге аракет кылыңыз. Баликм аны тапкан болсоңуз анда чыгармачыл эргүүнү жоготпоңуз.

2-сүрөт

Бакыт сизге кайсы бир адам менен мамиле түзүү аркылуу келет. Бул сүйүктүү адамыңыз же болбосо жан дүйнөңүз окшош адам. Аны менен баарлашуу сизди ого бетер күчтүү жана бактылуу кылат.Шериктер менен болгон мамиледе бакыт табасыз.

3-сүрөт

Бактылуу болуш сиздин өз колуңузда жана сиздин аракеттен көз каранды. Сиз ички жан дүйнөңүз өтө күчтүү адамсыз. Өз чечимдериңиз аракетиңиз менен, мүмкүнчүлүктөрдү толук ачуу менен бактылуу болосуз. Дайыма өзүңүздүн уникалдуу экениңизди эсиңизден чыгарбаңыз.     

4-сүрөт

Бакыт сизге күтүүсүз жерден келет жана жагымдуу окуялар менен коштолот. Сизге азыр зарыл болгону-жашоонун берген жакшылыктарын көтөрө билүү. Баардык коркунучтар менен шектенүүлөөрдү,тынчсызданууларды алып салыңыз. Жан дүйнөңүздүн тынч болушу дагы бактылуу көз ирмемдердин көбөйүшүнө шарт түзөт.

5-сүрөт

Бакыт сизге жашоодогу жаңы гаризонтторду ачкан кезде келет. Сиз бул үчүн жаңы жумушка иштеп, жаңы адамдар менен таанышып, саякатка же сапарга чыгып же болбосо жаңы билим алышыңыз зарыл. Ар тараптуу өнүгүү сизге бакыт алып келмекчи.

6-сүрөт

Сиз өзүңүздүн кыялдарыңызга бекем ишенип, ага карай аракет кыла баштаганда ийгилик жана бакыт келмекчи.Сиздин ой жүгүртүүңүз өтө күчтүү.Ошондуктан жакшы гана ой жүгүртүп, жакшылыкка бекем ишенип алдыга кадам таштаңыз, бакыт сизди ар бир ирмемде күтүп турат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/test-maga-bakyt-menen-ijgilik-kajdan-kelet



Добавить комментарий