Терс көрүнүштөр тууралуу атайын видеоматериал өспүрүмдөргө көрсөтүлдү

21 февраль 2020 10:58 612 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сузакта 20-февралда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган атайын жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди. 

Бул иш-чараны ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, Жалал-Абад ОИИБнин жана Сузак РИИБнин кызматкерлери Ювеналдык юстициянын балдарды коргоо уюмунун өкүлдөрү менен биргеликте уюштурган. 

Жыйындын жүрүшүндө өспүрүмдөрдүн кызыктырган суроолоруна Жалал-Абад ОИИБнин Коомдук коопсуздук бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги Алмазбек Жусупов жооп берди. 

Милиция кызматкерлери жаштарды кылмыштуулуктан, баңгизаттардан, спирт ичимдиктеринен жана темеки тартуудан алыс болууга чакырышты. Кылмыштын арты эч качан жакшылыкка алып келбей тургандыгын, жаман иштин арты өкүнүч менен аяктаары камтылган атайын видеоматериал өспүрүмдөргө көрсөтүлдү. 

Мындан сырткары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, кыргыз желегин желбиретип жүргөн спортчулар, жергиликтүү кеңештин депутаттары да өспүрүмдөргө акыл-насааттарын айтышып, жаштарды терс көрүнүштөрдөн оолак болууга үндөштү.

Ссылка: https://barometr.kg/ters-krnshtr-tuuraluu-atajyn-videomaterial-sprmdrg-krstld



Добавить комментарий