Террористтик уюмдун башчысынын тапшырмасы менен жүргөн жаран кармалды
Чет элдик кызматтар менен биргеликте террористтик иштерге катыштыгы бар үчүн шектелип, издөөдө жүргөн А.Н. аттуу кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Улуттук коопсуздук мамилекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал май айынын башында УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) катарына рекурттарды жөнөтүү каналдарына бөгөт коюуу жана аныктоо максатында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында кармалган.
"А.Н. сирия-ирак куралдуу согуш аймагында диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, эл аралык террористтик уюмдардын башчысынын тапшырмасы боюнча террористтик иш-аракеттерди аткаруу максатында даярдалган жасалма документтер менен КМШ өлкөлөрүнүн бирине чыгып кеткен",- деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдар боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.
Кармалган адам УКМК Тергөө камак жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/terroristtik-uyumdun-bashchysynyn-tapshyrmasy-menen-zhrgn-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×