Террорго шектелип камалгандар атайын жайларда кармалат

1 февраль 2019 16:33 1376 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн 1-февралда Чүйдүн Молдовановка айылындагы 27-түзөтүү Колониясында терроризм жана диний экстремизмге байланыштуу камакка алынгандарды кармоочу атайын камералар пайдаланууга берилди.

Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик Кызматынын (ЖАМК) коомчулук менен иштөө бөлүмүнөн кабарлады.

Аталган имарат буга чейин аталкан мекеменин жатаканасы катары пайдаланылган. Ал террор жана диний экстремист кылмышкерлерди кармоого ылайыкташтырылып жасалган.

Абактагылар арасында коомго жат диний идеологиянын жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында ЖАМКтын аталган абак жайынын аймагында атайын камера уюштуруу боюнча чечим кабыл алынган.

Бөлүнгөн атайын каражаттын негизинде 174 кылмышкерге ылайыкташкан 52 камера жабдылган. Буга жалпысынан 33 млн. 928 мин 689 сом сарпталган.

Учурда ЖАМКтын абактарында терроризм жана диний экстремизм багыттары боюнча камалгандардын саны 546ны түзөт.

Ссылка: https://barometr.kg/terrorgo-shektelip-kamalgandar-atajyn-zhajlarda-karmalat



Добавить комментарий