УКМК: Раим Матраимов, Ширин Айтматова Алтынбек Сулайманов бажыдагы иштер боюнча суралышты
Журналистик иликтөөнүн материалдарынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-жана 130-беренесинин 1-бөлүгү (Киши өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча КР Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш чаралары уланууда.
Сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында УКМКга Кыргыз Республикасынын ЖК депутаттары А.Сулайманов, Д.Торокулов, экс-депутат Ш.Айтматова, КР Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку орун басары Р.Матраимов сурак беришти. Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы мурунку консулу Э.Сопоковдун катышуусунда тергөө иштери жүргүзүлүп, ал Кыргыз Республикасынын УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошондой эле «Азаттык медианын» журналисттери Мухамедали (Али) Токтакунов жана Ыдырыс Исаковдор күбө катары сурака чакырылышкан.
Тергөө иштери объективдүү жана ар тараптуу өтүшүн камсыз кылуу максатында иликтөө иштери калыс жүргүзүлүп жатат. Тергөө иштеринин жүрүшү коомчулука ар дайым ачык маалымдалып турат.
Ссылка: https://barometr.kg/terg-ishterinin-zhrsh-koomchuluka-ar-dajym-achyk-maalymdalyp-turat
Добавить комментарий ×