Терек-Сайдагы чырга байланыштуу камалган 15 адамдын 13ү үй камагына чыгарылды

18 декабрь 2018 15:14 1398 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Терек-Сайдагы  чырга байланыштуу камалган 15 адамдын 13ү үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусттук соту тарабынан 17-ноябрда чечим кабыл алынгандыгын соттун маалымдоо бөлүмү билдирди.

"Терек-Сай айылында кармалган 15 тургундун баш коргоо чарасы боюнча сот отуруму 17-декабрда каралып, 13 адам үй камагына чыгарылды. Бирок соттун чечими боюнча азырынча толук маалымат бериле элек болгондуктан калган эки адамга карата кандай чечим кабыл алынгандыгы тууралуу маалымат берие элек"-деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, Терек-Сайдагы кен чыгаруучу жерде милицияларга кол көтөрдү деп 15 жергиликтүү тургун камалган. ИИМдин маалыматы боюнча, үч кызматкерлер жабыркаган. Бул факты менен кылмыш-иши козголуп, ызы-чуу чыгаргандар сизого жана убактылуу жайга киргизилген.

Ал эми ички иштер минситри 17-ноябрдагы Чаткалга болгон иш сапарында кармалгандардын туугандары менен жолугушуп, бардыгы мыйзамдын негизинде чечилерин айткан. 

Ссылка: https://barometr.kg/terek-sajdagy-chyrga-bajlanyshtuu-kamalgan-15-adamdyn-13-j-kamagyna-chygaryldy



Добавить комментарий