Темирлан Ормуков мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны сотко берди

9 август 2018 23:05 3496 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Акын Темирлан Ормуков мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны сотко берди. Ормуков бул маалыматты barometr.kg`ге тастыктап, моралдык чыгым катары 50 миң сом төлөтүүнү сураганын да кошумчалады. 

“Менин "Ажонун ооруп жүрөгү" деген кыргыз тилиндеги ырымды прокуратура органдары орусча экспертиза кылганы "туура эмес" болгон. Териштирүү учурунда кысым көрсөтүлүп, убара тарттым. Бул иштер үчүн ошол кезде Башкы прокуратураны жетектеген Индира Жолдубаева жооп бериши керек», - деди Ормуков. 

Ормуков соттук чыгымдарды төлөөнү Индира Жолдубаевага милдеттендирүүнү сураган.

Белгилей кетсек, Ормуков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындаган ырына байланышуу айыпталган.

Ссылка: https://barometr.kg/temirlan-ormukov-murdagy-bashky-prokuror-indira-zholdubaevany-sotko-berdi



Добавить комментарий