Темир Сариев камакта калтырылды

25 августа 2021 10:54 1405 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы экс-премьер-министр Темир Сариевдин жактоочуларынын апелляциялык арызын канааттандырган жок. Сариев 30-сентябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайында кармалат. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Белгилей кетсек, жактоочулардын апелляциялык арызын кароо боюнча процесс кечээ болмок. Бирок Сариевди сот залына жеткиришкен эмес.

Эскерте кетсек, Темир Сариев “Кумтөр” иши боюнча УКМКнын иликтөөсүнүн алкагында 3-августта кармалган. Тергөөнүн версиясына ылайык, Темир Сариев Экономика министри жана тиелешүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда «Кумтөр» кенинин экологиялык зыянынын суммасын бир нече миллиард сомго азайтып көрсөткөн жана анын натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө заян келтирген.

Ссылка: https://barometr.kg/temir-sariev-kamakta-kaltyryldy



Добавить комментарий