Темир Сариев кайрадан суракка чакырылды
Бөлүшүү:
Мурунку экономика министри Темир Сариевди УКМК кайрадан суракка чакырды.
Маалыматка караганда, экс-министр буга чейин Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иштерине байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берет.
Эске салсак, 13-июнда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Сариев күбө катары суралган.
Жогоруда аталган кылмыш иши боюнча буга чейин Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Салайдин Авазов, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев жана башка атка минерлер камакка алынган.
Ссылка: https://barometr.kg/temir-sariev-kajradan-surakka-chakyryldy
Добавить комментарий ×