Текебаевди "каза болду" деген ушактан кийинки сүрөтү жарыяланды

25 сентябрь 2018 12:00 2874 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик жазаны аткаруу кызматынын маалымат кызматы "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин азыркы учурдагы сүрөтүн чыгарышты. Сүрөт саясатчынын өлүмү тууралуу ушак сөздөр тарагандан кийин түшүрүлгөн.

Бул маалымат интернет колдонуучулардын суроолоруна жооп берүү максатында даярдалган.

Эске салсак,  социалдык тармактарда Өмүрбек Текебаевдин жүрөк ооруусунан улам абакта көз жумгандыгы тууралуу маалымат тараган. "Ата Мекен" партиясынын бүгүнкү күндөгү лидери Алмамбет Шыкмаматов бул маалыматты четке каккан. Ал эми өкмөткө караштуу жаза аткаруу кызматынын маалыматтык бөлүмү  саясатчынын ден-соолугу, абалы жакшы экендиги тууралуу билдиришкен.

Ссылка: https://barometr.kg/tekebaevdi-kaza-boldu-degen-ushaktan-kijinki-srt-zharyyalandy



Добавить комментарий