Текебаев: Ташиев досун түрмөдөн алып чыгып, анын бийик даражалуу бийликке келишине чоң салым кошту

16 октября 2020 11:45 1825 Barometr
Поделиться в:
ok

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы депутаттардын кезексиз жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп, Садыр Жапаровдун азыркы бийликке келишине Камчыбек Ташиевдин эмгеги чоң экенин айтты. 

"Ал досун түрмөдөн гана чыгарбастан, мамлекеттин башкы бийлигине алып келди. Мурун комсомол секретары деп койчубуз. Ал эми азыркыча айтканда Ташиев дос-секретарь деген кызматта турат. Ташиев достукка бекемдигин, бийликтен да адамдык сапаттын бийиктигин көрсөттү", - деди Текебаев.

Ошону менен катары эле, ал "Камчыбек Ташиев кайсыл бийлик бутагына келет" деген суроо баарына кызык экендигин айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/tekebaev-tashiev-dosun-trmdn-alyp-chygyp-anyn-bijik-darazhaluu-bijlikke-kelishine-cho-salym-koshtu



Добавить комментарий