Текебаев: Сот кандай чечим чыгарса да ага даяр болчубуз

29 августа 2019 17:46 1358 Barometr
Поделиться в:
ok

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев журналисттер үчүн брифинг куруп жатат. Бул Текебаевдин абактан чыккандан кийинки журналисттер менен болгон биринчи жолугушуусу болууда. Брифингде Текебаев соттун чечими ар кандай чыгышы мүмкүн деп күткөнүн, ошондуктан кандай гана чечим болбосун ага моралдык жакткан даяр болгонун айтты.

Текебаев ошондой эле сот толук актай электигин, бул иштин аягына чейин чыгыш үчүн соттук процесстерге даярданарын айтты.

Сот мени толук актай элек. Муну аягына чейин чыгарышыбыз керек. Сот отуруму 12 сентябрга белгиленди. Жаны күбөлөр пайда болду. Сот процесстерине даярданабыз.

Биздин коргонуу концепция мурунку бийликтин чыныгы жүзүн ачуу болот. Бул албетте Медеткан Шеримкулов айтмакчы өч алуу болбошу керек. Атамбаевдик бийлик мыйзам бузган болсо сот алдында жооп бериши керек”, - деди Өмүрбек Текебаев.

Ата Мекен партиясынын лидери ошондой эле, партиялык иштери, алдыдагы пландары, Жогорку Кеңештин депутаты мандатынын тагдыры тууралуу пикирлерин айтты.

Эске сала кетсек, бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыгарды.


Ссылка: https://barometr.kg/tekebaev-sot-kandaj-chechim-chygarsa-da-aga-dayar-bolchubuz



Добавить комментарий