Текебаев неврология бөлүмүндө дарыланууда

29 августа 2018 20:00 929 Barometr
Поделиться в:
ok

 Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты  Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология борборунун неврология бөлүмүндө дарыланууда. Бул тууралуу анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди. 

Маалым болгондой,  Текебаев 28-августтан бери неврология бөлүмүндө дарыланууда. Ал эми операцияга азырынча макулдугун бере элек. Таалайгүл Токтакунованын айтымында, калкан безиндеги шишикти алып салуу үчүн операция жасатууну дарыгерлер сунушташкан. Канчалык эрте жасалса, натыйжасы да ошончолук болоорун айтышкан. Бирок, саясатчы азырынча бир чечимге келе элек. 

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев коррупция менен айыпталып, Биринчи май райондук соту тарабынан сегиз жылга эркинен ажыратылган. Ага жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөө, үй-мүлкүн конфискациялоо жана абактан чыккандан кийин үч жылга мамлекеттик кызматтарга иштөөсүнө тыюу салуу чечими чыккан. Буга дейре партиялаштары жана санаалаштары саясатчынын ден соолугу начарлап жатканын билдирип келишкен. Жакында абакта Улуттук кардиология борборуна которулган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/tekebaev-nevrologiya-blmnd-darylanuuda



Добавить комментарий