Текебаев: "Атамбаев мени каматып койдум деп өкүнбөй эле, Текебаевдин рейтинги көтөрүлүп кетти деп кейип жатат"
Атамбаев мени каматып койгонуна өкүнгөн жок, ал Текебаевдин рейтинги көтөрүлүп кетти деп өкүнүп жатат-деди "Ата-Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев бүгүнкү 60 жылдыгын куттуктап баргандардын суроосуна жооп берип жатып.
Атамбаев Текебаевди каматпай эле койсом болмок экен деп өкүнүп айтты, буга кандай жооп кайтарасыз деген журналисттин суроосуна, Текебаев:
" Ушул суроого жооп бергим келген эмес эле. эми жооп берейин. Эл кандай түшүндү билбейм, бирок мен башкача түшүндүм. Алмазбек Атамбаев мени Ташиевге, Саляновага жана башкаларга окшотуп соттоп, бирок айып пул төлөтүп койсом болмок экен. Каматканда эл Текебаевди колдоп, рейтинги көтөрүлүп кетти деп өкүнүп жатат. Эл адилеттүү болот эмеспи. Кайсы тарап алсыз болсо ошол жакка колдоо көрсөтөт. Андыктан Атамбаев каматпай эле калтырып койсом болмок экен деп жатат"-деп жооп берди.
Бүгүн Өмүрбек Текебаевдин туулган күнүн куттуктап "Ата-Мекен" партиясынын өкүлдөрү, саясатчылар, жарандык активисттер келишти. Алардын арасында Эдиль Байсалов, Феликс Кулов, Камчыбек Ташиев, Каныбек Иманалиев жана башкалар бар.
Добавить комментарий ×