"Теке келин" Зульфия томпойгон курсагы менен бийлеп сынга кабылды

15 января 2019 20:25 5515 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Реп ырчысы Баястандын жубайы бийчи Лансарова Зульфия кош бойлуулугу тууралуу коомчулука ачыктагандан көп убакыт өтпөй ал өзүнүн жеке баракчасына "томпоюп" калган курсагы менен сүрөт жана видеолорду байма-бай жүктөөгө өттү. Зульфия акыркы постуна бий залында кош бойлуу экенине карабай бийлеп көнүгүү жасап жаткан видеосун жүктөдү.

Ал жаңы келин болгондо дуңган улуттук көйнөгүн кийип реп ырдагандай сүрөткө түшүп "теке келин" деп жазгандыгы үчүн талкууга калса эми минтип курсагы менен бийлеп чыкты.

Анын окурмандарынын басымдуу бөлүгү "балага мындай кыймылдар зыян алып келет", "абайласаңчы", "мындай кылганың туура эмес" деген өңдүү пикирлерди жазып калтырышты.

Ал эми Зульфия өзү:

"Кош бойлуу болсо эмне экен? Кимдин мүмкүнчүлүгү болсо үйдөн көнүгүүлөрдү жасагыла. Бул балага зыян эмес, тескерисинче кийин жардамы тийет." -деп баяндама жазды.

Ага кошумча чарчоо, бут ооруу, бел оорууга кабылып жаткандыгын кошумчалады.

Эске салсак Баястан менен Зульфия 2018-жылдын 27-августунда үйлөнүшкөн.


Ссылка: https://barometr.kg/teke-kelin-zulfiya-tompojgon-kursagy-menen-bijlep-synga-kabyldy



Добавить комментарий