ТЭЦти модернизациялоо боюнча кылмыш иши Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлдү

12 марта 2019 09:19 1245 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун өндүрүшүндө Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча кылмыш иши бар. 

Жогорку соттон маалымдашкандай, ТЭЦти жаңылоо боюнча соттук териштирүү башталганга чейин, КРнын Кылмыш-процессуладык кодексинин 270-беренесинин 1-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык, тагылган айыптын оордугунан улам сот тарабынан ишти алдын ала угуу дайындалган. Ага ылайык ушул эле Кодекстин 275-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык жабык сот өткөрүү каралган.

Айыпталуучулардын жактоочуларынын баш коргоо чарасын өзгөртүү, кылмыш ишин прокурорго кайтарып берүү, иш боюнча туура эмес далилдерди жокко чыгаруу жөнүндө берген арызына ылайык, соттук жыйын кийинкиге калтырылып, тараптардын ишти таанышып чыгуусу үчүн тыныгуу жарыяланган. Аталган арызда көрсөтүлгөндөр сот тарабынан канааттандырылган эмес.

2019-жылдын 6-мартына дайындалган сот жыйыны өтпөй калды, анткени айыпталуучулар Исаков, Авазов, Калиевдердин коргоочулары тарабынан Свердлов райондук сотунун 2019-жылдын 27-фервалындагы арызды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө токтомуна апеллациялык арыз берилген.

Буга байланыштуу кылмыш ишин  кароо Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлдү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/tecti-modernizaciyaloo-boyuncha-kylmysh-ishi-bishkek-shaardyk-sotuna-zhntld



Добавить комментарий