ТЭЦ модернизациясы боюнча сот иши. «Электр станцияларынын» юристтери жана Минфин жабырлануучу катары чыгууда
Бүгүн, 15-майда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу ишти кароо учурунда судья «Электр станциялары» ААКнын юридикалык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Руслан Мадиновду жабырлануучунун өкүлү катары суракка алды.
Белгилей кетсек, Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу иш боюнча жабырлануучу катары «Электр станциялары» жана Финансы министрлиги расмий таанылган.
Отурумдун жүрүшүндө прокурор Мадиновдон «Электр станцияларынын» акциялары кимге тиешелүү экендигин сурады.
Ал акциялардын көзөмөлдөөчү пакети мамлекетке тиешелүү.
Ошондой эле жактоочулар «Электр станцияларын» эмне үчүн жабырлануучу катары табышканына аргумент келтирүүнү компаниянын өкүлүнөн сурашты. Бирок, ал жооп бере алган жок.
Жактоочулар Бишкек ЖЭБи иштеп чыккан энергиянын кубаттуулугун билер-билбесине дагы кызыгышты, юрист терс жооп берди.
Юрист ошондой эле «ЭС» модернизациялоодон кандайча жабыркагандыгы тууралуу суроого да жооп бере алган жок. Жактоочулардын суроолоруна жооп берип жатып юрист сөзүнөн жаңылып, «модернизациялоодон кийин жакшы болуп калды» деди. Ошентип, аны өзү түшүнбөй эле, айыптоочу тараптын далилдерин четке какты.
Эске салсак, Бишкек ЖЭБ боюнча модернизациялоо тууралуу контрактык келишим "Электр станциялары" менен кытайлык ТВЕА компаниясынын ортосунда түзүлгөн. Кредитти алуу боюнча келишимге КР Финансы министрлиги жана «Эксимбан» тарабынан кол коюлган.
Добавить комментарий ×