ТЭЦ иши. Лаврова кредиттик келишимге өкмөттүн тапшырмасы менен кол койгон
Бүгүн, 29-майда, Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу кылмыш ишин кароо боюнча Свердлов райондук сотунун отурумунда айыпталуучу Ольги Лаврованын жактоочусу жабырлануучу тараптан Финансы министрлигинин өкүлүн суракка алуу учурунда Эксимбанк менен кредиттик келишимге кол коюуга кимге укук берилгендигин тактады.
Финансы министрлигинин кызматкери Азамат Исаков жооп берип, Финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков укуктуу болгондугун белгиледи.
Лаврованын жактоочусу Лаврованын кайсыл негизде кредиттик келишимге кол койгондугуна кызыкты.
Исаков келишимге өкмөттүн тиешелүү тапшырмасына ылайык кол коюлгандыгын айтты.
Ошондой эле жактоочу келишимге кол коюуда Лаврова кандай жол менен кызматык милдеттерин жогорулаткандыгын сурады.
Финансы министрлигинин кызматкери кыска жооп берип, тиешелүү мыйзамдын жоболору бузулгандыгын белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/tec-ishi-lavrova-kredittik-kelishimge-kmttn-tapshyrmasy-menen-kol-kojgon
Добавить комментарий ×