Сот иши. Бишкек ТЭЦи боюнча ким кандай тапшырма берген?
Свердлов райондук сотунда Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча кылмыш ишин кароо уланды.
Күбө катары 2010-жылдан 2019-жылга чейин Каржы министринин орун басары болуп иштеп келген Мирлан Байгончоковду суракка алышты. Ал Бишкек ТЭЦин модеринизациялаш үчүн Каржы министрлиги Эксимбанктан насыя алганын тастыктады.
“2013-жылы Каржы министри менен Эксимбанктын ортосунда Кыргызстанга 386 млн доллар көлөмүндө насыя берүү тууралуу келишимге кол коюлган. Каржы министрлиги бул келишимге өкмөттүн буйругу менен кол койгон. 2014-жылы 25-апрелде “Электр станциялары” менен Каржы министрлигинин ортосунда рекредиттөө боюнча келишимге кол коюлган. Документке өкмөттүн токтомуна ылайык кол коюлган”,-деп айтты Байгончоков.
Ал Каржы министрлиги Эксимбанк насыя алыш үчүн билдирме бергенин түшүндүрдү.
“Бишкек ТЭЦтин модернизациялоо боюнча Эксимбанктан насыя алууга билдирмени Каржы министрлиги президенттин аппаратынын тапшырмасына ылайык жөнөткөн. Май айында президенттин аппаратынан министрликтер менен ведомстволорго тапшырма түшкөн, ага ылайык Каржы министрлиги Эксимбанкка билдирме берген. Билдирме 2013-жылдын 14-июнунда берилген”,-дейт Байгончоков.
Ал министрликтер менен ведомстволор болгону жогорку турган жетекчиликтин гана тапшырмасын аткарышканын жана албетте чечимди кабыл алуунун жоопкерчилигин жогору турган инстанция тарта турганын тастыктады.
“Каржы министрлиги Эксимбанкка президенттин аппаратынын тапшырмасын аткарыш үчүн билдирме берген”,-деп эскерди 2013-жылы Каржы министрлигиндеги бөлүмдө иштеген Азамат Сыдыгалиев.
Мындан тышкары Байгончоков президенттин аппаратынын тапшырмасын аткарыш үчүн насыялык келишим мамлекеттик органдардан кандай процедуралардын өткөнүн түшүндүрдү.
“Насыялык келишимдин долбоору өкмөт тарабынан бекитилген, андан кийин парламент тарабынан жактырылган. Өкмөт тарабынан тастыкталганга чейин документ баардык министрликтер менен макулдашуудан өткөн. Министрликтердин эскертүүлөрү менен толуктоолору өкмөттүн аппараты алып салышы керек болчу, анткени дал ушул орган оңдоо киргизүүгө укугу бар болчу. Каржы министрлиги болгону өзүнүн эскертүүлөрүн алып келмек, ал эми Энергетика министрлиги бул эскертүүлөрдү макулдашуу матрицасына алып кирмек. Энергетика министрлиги мындай матрицаны өкмөттүн аппаратынын кароосуна алып кирген. Дал ушул өкмөттүн аппараты эскертмени эске алган эмес. Өкмөт тарабынан тастыкталгандан кийин документти парламентке алып киришкен, өкмөт документти парламенттин кароосуна алып кирген”,-деп айтты Байгончоков.
Маалым кат
Бишкек ТЭЦи боюнча эки кылмыш ишин козгошкон- андагы авария жана Кытайдан насыя алып модернизациялоо боюнча. Биринчи иш тууралуу 19-апрелде биринчи инстанция чечим чыгарган: Улуттук энерго холдингдин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев 2 жыл 6 ай соттолгон жана мамлекетке 100 миң сом төлөп бермей болгон.“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун экс-башкы директору Узак Кыдырбаев 4 жылга эркинен ажыратылып, 150 миң сом айып салынган. Улуттук энерго холдингдин төрагасынын орун басары Нурлан Садыков 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган жана 100 миң сом айып салынган. “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун экс-орун басары Бердибек Боркоев 8 жыл эркинен ажыратылган жана 150 миң сом айып тагылган. ТЭЦти модернизациялоо боюнча долбоордун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган жана 100 миң сом айып салынган.ТЭЦтин экс-директору Нурлан Өмуркул уулу 4 жыл абакка кесилген жана мамлекетке 150 миң сом айып пул төлөмөй болгон. Мурдагы техникалык директор Нургазы Курманбеков 4 жылга эркинен ажыратылып, 150 миң сом айып төлөмөй болгон.
Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча сот уланып жатат. Мурдагы эки өкмөт башчы Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевге, Улуттук энерго холдингдин мурдагы жетекчиси Айбек Калиевге, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге (Энергетика министри болгон), “Электр станциялары” ААКнын мурдагы башкы директору Салайдин Авазовго, экс-Каржы министри Ольга Лавровага айып тагылган.
Добавить комментарий ×