ТЭЦ боюнча сот: айыпталуучу Авазовдун дене табы көтөрүлүп, тез жардам чакырылды. Сүрөт

3 февраля 2020 10:53 656 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 3-февралда, Бишкек шаардык сотунда ТЭЦти модерницзациялоо боюнча сот иши уланып, анда айыпталуучу “Электр станциялары” ААКтын мурдагы башкы директору Салайдин Авазовго тез жардам чакыртылды.

Сот иши башталардын алдында Авазовдун адвокаты жактоочусунун дене табы көтөрүлүп өзүн жаман сезип жаткандыктан сот ишин башка күнгө жылдырууну суранган. Бирок Сот Ирина Воронцова айыпталуучулардын ден соолугуна УКМКнын СИЗОсундагы дарыгерлер жооптуу экенин эскерткен.

“Эгер сотко алып келсе, демек, анын абалы канааттандырарлык, же СИЗОнун дарыгерлери айыпталуучуну алып келүүгө уруксат бермек эмес”, — деди ал.

Өз кезегинде адвокат УКМКнын СИЗОсундагы жалгыз дарыгер эмгек өргүүсүндө экенин айтып, андыктан Авазовду эч ким карабаганын айтты.

Сот тез жардамды сот залына чакырууга уруксат берип, тез эле келген дарыгерлер Авазовду карашты.

Ссылка: https://barometr.kg/tec-boyuncha-sot-ajyptaluuchu-avazovgo-tez-zhardam-chakyryshty-srt



Добавить комментарий