Театр фестивалы онлайн форматта көрүүчүлөргө тартууланат
Улуу жеңиштин 75 жылдыгына карата республикалык театрлардын телефестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Улуу жеңиштин 75 жылдыгына карата республикалык театрлардын теле фестивалын өткөрөт.
Ага республикадагы бардык театрлар катышып, Улуу Ата- Мекендик согуш темасын эске салган спектаклдерди тартуулашат.
“Фестиваль учурдагы абалга ылайык онлайн форматта өтүп, анын жүрүшү 22-июндан тартып 28-июнга чейин күн сайын саат 12 де жана 19 да КТРКнын "Маданият. Тарых. Тил", "ЭлТР" телерадиокомпаниясынын "Илим жана билим" каналдарында жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Фейсбук баракчасында көрсөтүлөт», - деп жазылат маалыматта.
Алгачкы спектакль көшөгөсүн Барпы атындагы Жалал-Абад театры ачып берет.
Толук тизме:
Ссылка: https://barometr.kg/teatrlardyn-festivalyn-onlaj-formatta-krg-bolot
Добавить комментарий ×