Тблисидеги толкундоодон 38 полиция кызматкери жаракат алды

21 июня 2019 09:55 979 Barometr
Поделиться в:
ok

Грузин полициясы Тблисидеги парламент имаратынын алдына нааразылык акциясына чыккан адамдарды таратуу үчүн желим октор менен көздөн жаш агызчу газ колдонду. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин болжолдуу маалыматы боюнча митингдин 14 катышуучусу жана 38 полиция кызматкери жаракат алды.

Бейшемби күнү кечинде он миңге жакын адам Грузия парламентинин имаратынын алдына митингге чогулган. Алардын нааразылык акцияга чыгышына Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Сергей Гавриловдун Православия боюнча парламенттер аралык Ассамблеясынын Тблисиде өткөн жыйынына катышкандыгы себеп болгон.

Гаврилов Ассамблеянын президенти болгонуна карабастан, чогулгандарды анын Грузиянын аймагына киришине жана грузин парламентинин имаратында жыйын өткөрүшүнө уруксат берилгендиги нааразы кылган. Ал Тблисиге келерден бир нече күн мурда Орусия тараптан Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгынын таанылышын кубаттап сүйлөгөн.

Нааразылык акцияга Грузиядагы дээрлик бардык негизги оппозициялык партиялар катышып, парламент төрагасы менен ички иштер министринин тез арада отставкага кетишин талап кылышты.

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили полиция кызматкерлерин митинг катышуучуларына кошулууга чакырды.

Бейшемби эртең менен оппозициялык партиялар мыйзам чыгаруу органынын жыйындар залына эч кимди киргизбей тосуп алгандыктан, парламенттер аралык ассамблея өз ишин токтоткон. Оппозициялык активисттер орусиялык депутаттар токтогон мейманкананы курчап алып, полициянын коштоосунда чыгып келаткан Гавриловго суу чачышкан. Орусиянын өкүлдөрү дароо аэропортко барып, алгачкы каттам менен Москвага учуп кетишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/tblisidegi-tolkundoodon-38-policiya-kyzmatkeri-zharakat-aldy



Добавить комментарий