Тбилиси тургундары метросуз калды. Метронун жумушчулары иш таштады

5 июнь 2018 19:40 885 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тбилиси тургундары метросуз калды. Метронун жумушчулары иш таштады. Бул тууралу жергилитүү маалымат булактары маалымдайт.

Кече күнү саат 6:00дон баштап меторполитен ишке кирген жок. Метро кызматкерлери айлык акыны көтөрүүнү жана жумуш шартын оңдоону талап кылышып, жумушту ташташты. Бир канча адам ачкачылык да кармап жаткандыгы кабарланууда. Метронун жоктугунан улам, жүргүнчүлөр автобус менен жүрүүгө мажбур болуп, шаардагы башаламандыкты басаңдатуу максатында, шаар башчысы автобуста жүрүү акысыз экендигин жарыялаган. Билдирүүлөргө караганда, Тбилисидеги метро аркылуу күн сайын 290 миңдей жүргүнчү жүрөт.

Ссылка: https://barometr.kg/tbilisi-turgundary-metrosuz-kaldy-metronun-zhumushchulary-ish-tashtady



Добавить комментарий