Тажикстандын жарандары менен болгон чатакта кыргызстандык жаракат алды
13-март саат 21:40ка карай мамлекеттик кыргыз-тажик чек арасында кырдаал чыңалган бойдон турат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргызстандын Самаркандек айылынын тургуну жаракат алып Баткен райондук ооруканасына жеткирилди.
Ошондой эле тажик жарандары Баткен областынын Ортобоз айылынын тургунунун үйүн өрттөп жиберишти.
Учурда Төрт-Көчө жергесинде эки айылдын 200дөй жараны тарабай турат.
Эки мамлекеттин чек арачылары жана Баткен областынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери жагдайды жөнгө салууга аракет кылууда.
Кырдаалга байланыштуу чек араны кайтаруунун күчөтүлгөн режими киргизилди.
Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstandyn-zharandary-menen-bolgon-chatakta-kyrgyzstandyk-zharakat-aldy
Добавить комментарий ×