Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон эмнени талкуулашты?

2 июня 2023 15:34 1128 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маплым болгондой, Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

“Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана келечегин, аймактык жана эл аралык күн тартибинин артыкчылыктарын талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Мамлекет башчылары акыркы жылдарда эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын макулдашуу боюнча азыркы учурга чейин жетишилген натыйжага канааттануусун билдиришти.

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон сүйлөшүүлөрдү натыйжалуу улантууну жана өз ара сый-урматтын жана ишенимдин негизинде өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөнү жакташты.

Өлкө лидерлери эки өлкө ортосундагы достук жана ынак коңшулук байланыштарды сактоонун маанилүүлүгүн ырастап, бардык пайда болгон маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти”,  -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstandyn-prezidenti-emomali-rahmon-kyrgyzstanga-keldi



Добавить комментарий