Тажикстандан аткезчилик менен буюм ташыган Баткендин жараны кармалды

25 ноября 2022 14:09 812 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткенде Тажикстандан аткезчилик менен товар ташып,  алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

25-ноябрь күнү саат 10:30 чамасында  Кара-Бак айыл аймагынын Кара-Бак айылынан чыгып келе жаткан “БМВ-520” үлгүсүндөгү  унааны  текшерүү максатында токтотууга аракет жасашкан. Бирок, милиция кызматкерлеринин талабына баш ийбестен,  унааны токтотпостон айдоочу качып, Баткен шаарынын аймагынан кармалган.

“Андан соң унаасы Баткен РИИБдин короосуна киргизилген. Унааны текшерген учурда 6 чоң капка салынган ар биринде 500 даанадан  жалпы 3000 күнүмдүк турмушта керектелүүчү каптар табылган.  Бул каптарды каяктан чыккандыгын сураган учурда коңшулаш Тажикстандан  чыккандыгын айтып, аткезчилик жол менен алып келгенин билдирген. Айдоочунун өздүгүн тактоо учурунда ал Баткен районунун тургуну 1983-жылы туулган Н.Ж. экени аныкталды.

Аталган факт Баткен РИИБде катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө”, -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstandan-otkezchilik-menen-buyum-tashygan-batkendin-zharany-karmaldy



Добавить комментарий