Тажикстандагы туристтерди сүзгөн кылмышкерлерди издөө улантылууда

31 июля 2018 19:40 1050 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Тажикстанда чет элдик туристтердин өлүмүнө себеп болгондорду издөө улантылууда. Бул туурасында Тажикстандын спутник кабарлар маалымат агенттиги билдирди. Кырсык тууралуу    Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода пресс-конференцияда окуя болгон жерде тартылып калган видеого байланыштуу атайын жасалган терракт же тоноо, киши өлтүрүү же жол кырсыгы болушу мүмкүн экендигин айткан. Муну ыкчам иликтөөгө алыш керек деп билдирген. 

Берилген маалыматтарга караганда Торбулок айылында атайын жүргүзүлгөн ыкчам иштеринде кырсыктын күнөөкөрлөрү курал-жарактар менен каршылыктарды көрсөтүшкөн. Ошондуктан алардын бирөө өлтурүлүп, экинчиси кармалып, үчөө издөөгө алынган. Кийинчерээк алардын болжолдуу турдө кайда экендиги табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн деп билдирет tut.by маалымат агенттиги. 

Эске салсак, дем алыш күнү Хатлон облусунун Дангар районунда төрт турист — АКШнын эки жараны, Нидерланддар менен Швейцариянын тургундары каза болгон. Дагы үч чет элдик жаракат алган.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон туристтердин өлүмүнөн улам үч мамлекеттин башчысына көңүл айткан. 





Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstandagy-turistterdi-szgn-kylmyshkerlerdi-izd-ulantyluuda



Добавить комментарий