Тажикстанда окуучулар 16-августка чейин каникулга тарады
Тажикстанда коронавируска каршы күрөшкөн республикалык штабдын чечими менен мектептердеги каникул 16-августка чейин узартылды.
Asia Plus басылмасынын жазышынча, 17-августтан тарта окуу башталат. Окуучуларды кийинки класска көчүрүү боюнча иш-чаралар алардын сентябрдан тарта апрелге чейинки окуу учурундаги ийгиликтери эске алынат.
9 жана 11-класстар үчүн бүтүрүү экзамендери 15-июндан 24-июнга чейин өтөт.
Эске салсак, 27-апрелден тарта Тажикстандагы бардык мектептерде, колледждерде жана училищелерде 10-майга чейин каникул жарыяланган болчу.
Кыргызстанда бардык билим берүү мекемелери дистанттык түрдө окуп жатат. Билим берүү жана илим министрлиги 4-чейректи бардык мектептер дистанттык түрдө аяктай турганын билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstanda-mekteptegi-okuular-16-avgustka-chejin-kanikulga-tarady
Добавить комментарий ×