Тажикстан менен Афганистан куралдуу күчтөрүн чек арага жайгаштырууда

1 октября 2021 10:38 2421 Barometr
Поделиться в:
ok

Тажикстан менен Афганистан куралдуу күчтөрүн чек арага жайгаштырып жатат. Бул тууралуу Deutsche Welle булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлаган. Анда негизинен Тажикстандын чек арасына жакын аймак болгон Тахарга он миңдеген атайын бөлүктүн кызматкерлери жеткирилгени айтылат. Россиянын ТИМи Дүйшөмбү менен Кабулду жагдайды жөнгө салуунун тынчтык варианттарын табууга чакырды.

“Биз тажик-афган чегинде чыңалуу өсүп бара жатканын тынчсыздануу менен байкоо салып жатабыз, эки мамлекеттин лидерлери өз ара катуу айтышты. Эки тараптын тең чек арага куралдуу күчтөрүн алып келгени маалымдалууда. Талибдер берген маалыматка таянсак, Афганистандын түндүгүндөгү Тахар провинциясына атайын бөлүктүн он миңдеген аскери жеткирилди”,-деп билдирди расмий түрдө Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Алексей Зайцев.

Кечээ "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду өлкөдө демократияжок экенин күнөөлөп сынга алган.

Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstan-menen-afganistan-kuralduu-kchtrn-chek-araga-zhajgashtyruuda



Добавить комментарий