Тажикстан кармап кеткен эки мектеп окуучусун кайтарып берди

24 сентября 2021 15:08 985 Barometr
Поделиться в:
ok

“Кулунду-унаа жолу” өткөрмө бекетинде Баткен жана Согду областынын губернаторлорунун жана эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен Жаштык айылынын тургундары, 2005-жылы туулган Ю.Ш. жана Н.Э. мекенине кайтарылды.

Эскерте кетсек, 23-сентябрда районунда Кыргызстандын эки жаранын белгисиз адамдар кармап кетишкен.

Алдын ала маалыматтарга таянсак, кармалган жарандар чек ара жакын жерден аткезчилик жүктү жүктөөгө көмөк беришкен.

Ошол эле маалда Тажикстандан келген белгисиз адамдар эки жаранды кармап «Мерседес Спринтер» унаасын Тажикстандын аймагына айдап кетишкен.

Лейлек районундагы Чек ара бөлүктөрү калкты тейлөөнүн күчөтүлгөн режимине өтүштү.

Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstan-karmap-ketken-eki-mektep-okuuchusun-kajtaryp-berdi



Добавить комментарий