Тажик жарандары Интернационал айылынын башчысын барымтага алып кетишкен

30 апреля 2021 11:26 2990 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткен облусунун Лейлек районундагы Интернационал айылынын башчысы Тажикстандын жарандары тарабынан барымтага алынды.  Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын күч түзүмдөрүнө таандык аскердик техникалар Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылын аралап жүрөт.

“Интернационал айылынын “Жилой дом” участкасындагы Кыргыз жарандарына тиешелүү болгон турак-үйлөргө тажик аскер кызматкерлери кирип алган.

Ошол участкага жакын аймакта Кыргыз жарандарынын экөө каза болгондугун тактоо максатында Интернационал айыл башчысы барган учурда Тажик жарандары аны барымтага алып алышкан”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда, бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатканы айтылды.

Ссылка: https://barometr.kg/tazhik-zharandary-internacional-ajylynyn-bashchysyn-barmtaga-alyp-ketishken



Добавить комментарий