Тажик оппозиционери: Оор күндөрдө жардам берген кыргыз элинин жакшылыгын унутпашыбыз керек
Соцтармакта тажик оппозиционери Мухиддин Кабиринин кыргыз элине жолдогон кайрылуусу жарыяланды. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Тажик оппозиционери кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды терең кайгыруу менен кабыл алганы айтылат.
“Чек арадагы кагылышуудан каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.
Биз, тажик эли, кыргыз элинин достук мамилесин эч качан унутпайбыз. Бизде граждандык согуш болуп турганда, Кыргызстан чек арасын ачык коюуп, кучагын жайып, миңдеген карапайым калкка жардам берген. Тажикстандагы жарандык согуштун аякташына кыргыз элинин жана кыргыз саясатчыларынын салымы зор.
Согуш эч качан жакшылыкка алып келбейт. Ансыз да, Тажикстанда экономикалык жактан да, саясий жактан да абал оор болуп турат”, - деди тажик оппозиционери.
Белгилей кетсек, Кабири, 2015-жылы парламенттик шайлоодон өтпөй калгандан кийин, Түркияга чыгып кеткен. Ошол бойдон Тажикстанга кайтып келген эмес.
Добавить комментарий ×