1 миллион сомдук талонду мыйзамсыз короткон «Тазалыктын» мурдагы директору кармалды

26 июня 2020 12:12 1387 Barometr
Поделиться в:
ok

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” билдирет.

2020-жылдын 25-июнунда УКМКсы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам- тергөө иш-чараларынын алкагында, ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча «Тазалык» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору Т.К. кармалды. Анда 2019-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасы 84 млн. сомдон ашык суммага майлоочу жана күйүүчү каражаттары талон түрүндө сатылып алынып, материалдык жоптуу кызматкерлерге берилгендиги аныкталган.

Бирок, Т.К. башкы бухгалтери жана операторлор менен бергеликте Бишкек шаарынын ичинде жумуш алып барууга багытталган күйүүчү май талондорун ыйгарып алып, короткон.

Тактап айтканда, 2019-жыл ичинде 1 миллион сомдон ашык баадагы 30 миң 530 литр күйүүчү майдын талондору Чүй жана Талас областынын аймагында коротулгандыгы аныкталган. Ал эми ишкананын ишмердүүлүгү Бишкек шаарынын аймагы менен гана чектелген. КР эсептөө палатасынын актысына ылайык, 2019-жылы Бишкек шаарынын аймагынан сырткары коротулду делген накталанган талондордун суммасы 1млн 066 100 сомду түзгөн.

Аталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинини 3-б. 2-п. (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, 2020-жылдын 8-февралында КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча «Тазалык» муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтери А.О., операторлор А.М. жана Б.Н. кармалган.

Ссылка: https://barometr.kg/tazalyk-municipaldyk-ishkanasynyn-direktoru-mlkt-korotuu-faktysy-menen-karmaldy



Добавить комментарий