Татыктуу карылыкты каалайсызбы? Мен кемпир кезде...

27 мая 2019 14:31 3007 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Карылык деген эмне? Карылык- бул ички дүйнөнүн абалы дешсе, кээ бири көп жашап өткөн жылдар дешет. Тигиниси дагы, мунусу дагы өз өзүнчө туура.  Жаш кезде карылык темасын көбүнчөсү айланып өтөт, аларга тиешеси жоктой. Ден соолугуң болсо, карылык эртең эле сенин эшигиңди каккылап, каалайсызбы, каалабайсынбы кирип келет, бизди айланып өтпөйт. Карап көрсөң бирөөнө карылык эрте келсе, ал эми экинчи сырткы келбетинин жаштыгын жоготсо да, өзүн жаш, энергиялуу алып жүрөт. Баары салыштармалуу...

Такыр эле карылыктан качып кетсе болобу? Ооба-болот! Болот десе сөзсүз эле күч кубатын толуп турган кезинде бул жашоо менен коштошуу эмес, бул-өзүңдүн жашоого болгон мамилеңди  өзгөрт дегенибиз. 

 Эч ким карыгысы келбейт. Айрымдары карылыктан аябагандай коркушат, карыдым бүттү баары бүтөт, ден соолугуман айрылам, суулуулукту ойлобой эле кой, эч кимге кереги жок унутчаак болом, жападан жалгыз калышым мүмкүн деп –аябай тынчсызданышат.

Карылыктын төмөнкү симптомдорунан алыс болуңуз:

1.Жашоого пессимистик мамиле кылуу;

2.Өзүн өзү төмөнкү деңгээлде баалоо, өзүн керексиздей сезип, өзүн таштап салуу;

3.Депрессия, өтө терең ойлонуу, өткөнгө өкүнүп, алдыдагы пландарды таштап салууга жол бербоо; 

4.Жашап өткөн жашооңдо эч нерсеге жетишпейгендей болуп, жашоонун маңызын жоготуп, өзүн таштап салуудан сактануу.

Бул жашоого болгон кызыгын жоготкон адам гана өзүн кары деп эсептейт. Ошондуктан, карылык бул- паспортундагы сен жашап өткөн жылдар эмес, ал сенин ички дүйнөңдүн абалы.

Ссылка: https://barometr.kg/tatyktuu-karylykty-kaalajsyzby-men-kempir-kezde



Добавить комментарий