Татьяна Каримованын каза тапканы, кийин инсульт болгону айтылды
Дем алыш күндөрү интернет түйүндөрүндө Татьяна Каримова - Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун жесиринин каза болгондугу тууралуу, андан көп өтпөй маалымат жалган экендиги жөнүндө маалымат пайда болгон. Аны “Өзбекистандын улуттук кыймылы” сайты, кийин “Өзбекистан жаңылыктары” Telegram-каналы басып чыккан.
Аталган эки ЖМК тең өзбек оппозиционери Мухаммад Салихке таандык экенин Kaktakto редакциясы билдирди. Мухаммад Салих 1999-жылы эле Ташкенттеги бир катар жардырууларды уюштурган деп соттолуп, андан бери чет мамлекетте жашап келет.
Анткени менен коомчулукту Татьяна Каримованын ден соолугу түйшөлтпөй койгон жок. Өзбекистандын УКК жакын булактардын маалыматына караганда, биринчи леди инсульт илдетине кабылган, бирок Ташкенттеги бир дагы ооруканага жаткырылган эмес.
Ссылка: https://barometr.kg/tatyana-karimovanyn-kaza-tapkany-kijin-insult-bolgonu-ajtyldy
Добавить комментарий ×