Тата Улан кыргыздарда гей болбогонун жана болбошу керектигин айтат - видео
Бүгүн, 10-мартта, Бишкекте Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында зомбулукка каршы митинг өттү. Ага бир катар жарандык активисттер катышты.
Митингге келгендердин бири ырчы Тата Улан кыргызда гей болбогонун жана болбошу керектигин айтты. Андан сырткары ал гейлердин артында тукум калбай турганын айтып, эч бир кыргыз баласынын гей болушун каалабайт деген пикирин билдирди.
“Мен аялдын укугун коргойм, бирок тескери багытты эркек менен эркек бири-бирин сүйүш керек, лесби жана башка бузукулуктарды колдобойм. Бул элибизде болбогон нерсе, жана болбошу дагы керек. Болгону бир гана нерсе жакпайт. Кыргыз балдары эч качан көгүш болгон эмес жана болбошу дагы керек. Бул туура эмес нерсе, болбойт. Себеби, логикага салсаңар көгүштүн тукуму уланбайт, ошону менен түгөнөт, үзүлөт. Ар бириңерде бала бар. Ким эле “менин балам келечекте ушундай тескери жолго кетсин деп кааласын, кааласын, эч ким. Мен дагы каалабайм” дейт ал.
Шаардык милициядан кабарлашкандай, митингге 250-300дөй киши келди. Акция учурунда эч кандай мыйзам бузуу катталган эмес.
Эске салсак, 8-мартта аялдардын эл аралык күнүндө жүрүшкө чыккан бир нече кыз-келиндер бетине беткап тагып, калпак кийген кишилердин одоно мамилесине кабылып, акция үзгүлтүккө учураган. Өз кезегинде милицияга ондой киши жеткирилип, айрымдарына айыппул салынган болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/tata-ulan-kyrgyzdarda-gej-bolbogonun-zhana-bolboshu-kerektigin-ajtat-video
Добавить комментарий ×