Таштандыларды ѳрттѳгѳндѳр айып пул тѳлѳшѳт

2 октября 2019 12:11 3276 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, таштандыларды, күз мезгилинде короо жайды тазалаганда жалбырактарды жана башка керексиз нерселерди ѳрттѳгѳн, кѳрүнүштѳрдү аныкталган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Бул маселеге байланыштуу шаардык бийлик  шаар тургундарына кайрылуу жасады.

Кайрылууда жалбырактарды, желим нерселерди ѳрттѳѳ адамдын ден-соолугуна жана шаардагы бак дарактарга, абанын бузулушуна алып келээри айтылат.

 Эске салсак, таштандыларды жаккандыгы үчүн КР Бузуу кодексинин 71-беренеси боюнча 23 миң сомго чейинки айып салынат.

71-берене. Тиричилик таштандыларын жана буюмдарын уруксат берилбеген жерлерге ыргыткандыгы жана жаккандыгы үчүн айып салуунун 3 түрү каралган: физикалык жактарга – 5 миң 500 сом, юридикалык жактарга – 17 миң сом. Өндүрүш таштандыларын жана башка буюмдарды уруксат берилбеген жерде ыргыткандыгы жана жаккандыгы, ошондой эле жалбырактарды жаккандыгы үчүн айып салуунун 4 түрү каралган: физикалык жактарга – 7 миң 500 сом, юридикалык жактарга – 23 миң сом.

Ссылка: https://barometr.kg/tashtandylardy-rttgndr-ajyp-pul-tlsht



Добавить комментарий