Ташиев: Жумалиев уурдагандарынын баарын мамлекетке кайтарат! Биз мыйзамдуу түрдө мажбурлайбыз

23 февраля 2021 09:53 4455 Barometr
Поделиться в:
ok

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “жактоочу Бакыт Жумашев айткандай Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев ак эмес, буга далилдер бар” деди. Бул тууралуу Ташиевдин соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусу, жолдош Бакыт Жумашев айтып жатыптыр мени депутаттын мүлкү тууралуу туура эмес маалымат таратты деп. Анда угуп алыңыздар. Мен чындыкты айткам, дагы бир нерсе айтып койоюн. Жумалиев жер тилкесин 17 000 сомго сатып алып, бүгүнкү курс менен кайра 184 миллион сомго саткан. Мамлекетке бир да сом салык төлөгөн эмес. Буга эмне дейсиздер?

Ушундай жолдош адвокат. Ал коррупционер. Эми ал баардык уурдап алган мүлкүн мамлекетке кайтарып берет. Биз аны мыйзамдын негизинде мажбурлайбыз”, - деп жазды Ташиев.

Ал эми, Жумалиевдин жактоочусу Бакыт Жумашев соцтармак аркылуу коомчулукка кайрылып, Кыргызстанда "мыйзамдар баарына бирдей иштебей жатат" деген оюн айткан.
"Жумалиев тууралуу азырынча далилдер болбогондон кийин, ак сакал киши катары үй камагына чыгарып коюшса болмок", - деп жазган адвокат.

Эскерте кетсек, депутат Кубанычбек Жумалиев 4-февралда коррупцияга шектелип камалган. Ал эл аралык медициналык университетке лицензияны мыйзамыз алганы жана 78ге жакын кыймылсыз мүлктүн ээси экени аныкталган.

Ссылка: https://barometr.kg/tashiev-zhumaliev-uudagandarynyn-baaryn-mamleketke-kajtarat-biz-myjzamduu-trd-mazhburlajbyz



Добавить комментарий