Ташиев: Уулум Эмирхан кыргыз футболун эң жогорку деңгээлге алып чыгат деп ишенем

11 декабря 2019 18:33 6929 Barometr
Поделиться в:
ok


Саясатчы Камчыбек Ташиев Италияда “Паоло Росси” футболдук Академиясында тарбияланып жаткан уулу Эмирхан Кыдыршаевден барып кабар алды. Бул тууралуу ал өзүнүн facebook баракчасына жазды.

Экс-депутат уулунун Италияда ойноп жатканына сыймыктанганын, келечекте ал кыргыз футболун өнүктүрөт деп ишенээрин билдирет.

Футболист уулум Эмирхан Италияда ойноп, тажрыйба топтоп жатканына сыймыктанам. Келечекте Кыргыз футболун эн жогорку денгээлге чыгарат деген ишеничтемин... К. Ташиев
Фото: Италия. Рим 11.12. 2019-жыл
”, - деген билдирүү калтырып, уулу менен түшкөн сүрөтүн facebook баркчасына койгон.

Эске сала кетсек, Камчыбек Ташиевдин уулу Эмирхан Кыдыршаев ушул жылдын март айында Италиянын “Паоло Росси” футболдук Академиясы менен келишим түзүп, ошол жактан тарбиялана баштаган.

Эмирхан Кыргызстандан эле эмес, бүтүндөй Борбор Азиядан аталган футболдук Академияда ойногон жападан жалгыз футболчу болду.

Ссылка: https://barometr.kg/tashiev-uulum-emirhan-kyrgyz-futbolun-e-zhogorku-degeelge-alyp-chygat-dep-ishenem



Добавить комментарий