Ташиев: Балдарымдай болгон жоокерлеримди жоготтум, бирок мамлекетибизди сактап калдык
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "жоокерлерибиздин баатырдыгы, тайманбастыгы мекенибизди сактап калды" деди. Бул тууралуу "Барометр" билдирет.
УКМКнын төргасы Камчыбек Ташиев Баткендеги абал тууралуу маалымат берди.
"Бүгүн, 19-сентябрь өлкөбүздө аза күтүү күнү деп белгиленди. Мен каза болгон жоокерлерибиз, баатырларыбыздын ата-энелерине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ата-энелер мамлекетти коргосун, кызмат кылсын деп мага тапшырган. Ошол менин баламдай болуп калган жоокерлеримди жоготтум, бирок мамлекетибизди сактап калдык. Мамлекетибиздин бүтүндүгүн, баардык чек араларыбызды толук сактап калдык.
Ал эми, учурда абал оор жана туруктуу. Эки тарап тең техникасын артка тартып жатат. Буюрса, 2-3 күн ичинде абал турукташса гана тургундары көчүрүп келебиз", - деп билдирди.
Ошондой эле ал бүгүн өлкөдө улуттук аза күтүү күнү жарыялангандыгына байланыштуу кыргыз элине көңүл айтты.
Добавить комментарий ×