Таш-Көмүрдө сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу иштери жүрүп жатат

13 мая 2020 10:13 1376 Barometr
Поделиться в:
ok

Таш-Көмүр ШИИБи тарабынан сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу максатында Нарын дарыясынын кооптуу участкаларына, канал бойлоруна, чоң арыктарга эскертүү тактайчалары орнотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Күн ысыган мезгилдерде кооптуу аймактарга сууга түшүүгө болбой тургандыгы шаар тургундарына эскертилип, жаш өспүрүмдөрдү көзөмөлгө алып туруу керектиги белгиленди.

Мындан сырткары милиция кызматкерлери короновирус илдетинин жайылышын болтурбоо үчүн жарандарды санитардык нормаларды сактоого чакырышты. Ошондой эле, беткабы жок жүргөндөргө беткап таратылып, негизсиз көчөдө жүрбөө керектиги айтылды.

ШИИБ тарабынан бир топ алдын алуу иштери жүргүзүлүп, анын алкагында себеби жок көчөдө жүргөн өспүрүмдөр милиция бөлүмүнө жеткирилип, ата-энелерине эскертүү берилип кайра коё берилди. Милиция кызматкерлери учурда сабактар дистанттык негизде өткөрүлүп жаткандыктан ата-энелерди өз балдарын үйдө кармоого чакырышты.

Ссылка: https://barometr.kg/tash-kmrd-suuga-chglrdn-aldyn-aluu-ishteri-zhrp-zhatat



Добавить комментарий