Тарых музейи 20-ноябрда ачылат, көрүүчүлөр акысыз кире алышат
Поделиться в:
Беш жылга жакын убакыттан бери жабылып турган Бишкектеги Тарых музейи 20-ноябрда ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Аталган кабарга таянсак, 30-ноябрга дейре саат 10.00дөн 18.00гө чейин музейге кирүү акысыз болмокчу.
“Эпидемиологиялык жагдайдан улам музейге келгендер бет кап тагынып жана санитардык нормаларды милдеттүү түрдө сактоого тийиш”,-деп билдиришти ведомстводон.
Ссылка: https://barometr.kg/taryh-muzeji-20-noyabrda-achylat-krchlr-akysyz-kire-alyshat
Добавить комментарий ×